• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Кыргызстандын бир катар өлкөлөрдөгү жаӊы элчилерин дайындоого макулдук берилди

15 Үчтүн айы 201914:28 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 15.01.2019.Govori.TV.

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргызстандын АКШ, Россия, Кытай, Түштүк Корея сындуу бир катар өлкөлөрдөгү жаӊы элчилерин дайындоого макулдугун берди.

Ошентип, Кыргызстандын Кытайдагы элчилигине Канайым Бактыгулованын, Россиядагы элчилигине Аликбек Жекшенкуловдун, Түштүк Кореядагы элчилигине Динара Кемелованын, АКШдагы элчилигине Болот Отунбаевдин талапкерлиги жактырылды.


Количество просмотров: 71