• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Кыргызстандын бизнес-акыйкатчысы болуп мурдагы британ элчиси шайланды

19 Кулжа 2019 16:35 Бишкек Govori.TV

Бишкек.19.06.2019.Govori.TV.

Кыргызстандын бизнес-акыйкатчысы болуп мурдагы британ элчиси Робин Орд Смит шайланды. Бул тууралуу «Акчабар» каржылык порталы кабарлады.

Бизнес-акыйкатчыны Байкоочу кеңеш тандайт. Анын курамында өкмөттүн, Евразия реконструкция жана өнүктүрүү банкынын жана беш бизнес-ассоциациянын өкүлдөрү бар.

Бишкектеги Жаңы технологиялар паркынын негиздөөчүсү Азис Абакиров бул чечимди туура тандоо деп баалап, Робин Орд Смит Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси болуп турганда бир катар ири долбоорлорду ишке ашырганын, англиялык тажрыйба өтө пайдалуу экенин «Азаттыкка» айтып берди:

Алар демократиядан, ишкерлердин укугун коргоо жагынан да чоң тажрыйбасы, тарыхы бар. Бүт дүйнөдөн эң тажрыйбалуу адистерди алып келип, алардан үйрөнүшүбүз, дүйнөгө ачык болушубуз керек.

Бул кызматка Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Нурлан Мусуралиев, Эл аралык ишкер кеңештин мурдагы жетекчиси Актилек Түнгатаров, Улуттук ишкер кеңештин төрагасы Сергей Пономарев, президенттик аппараттын мурдагы бөлүм башчысы Нурсулу Ахметова да ат салышкан.

Робин Орд Смиттин бизнес-акыйкатчы болуп шайланганы тууралуу маалыматты Экономика министрлиги азырынча расмий тастыктай элек, бирок «Азаттыктын» өздүк булактары ырасташты.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 2018-жылдын 31-декабрында бизнес-акыйкатчы институтун – ишкердик субъектилердин укуктарын, эркиндигин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу жакты түзүү жөнүндө токтомго кол койгон.

Количество просмотров: 16