• Жума 17 Теке 2026
  • Пятница 17 Июль 2026

Кыргызстандын бокс боюнча жаштар курамасы дүйнө чемпионатына даярданууда

20 Тогуздун айы 202412:51 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын бокс боюнча жаштар курамасынын мүчөлөрү Дүйнө чемпионатына даярдык көрүү максатында Бишкек шаарында окуу-машыгуу жыйынын өткөрүүдө.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, 6-октябрь күнү башталган окуу-машыгуу жыйыны 20-октябрда жыйынтыкталат.

Курама команданын тизмеси:

  • 48 кг Ясур Таалайбек уулу;
  • 51 кг Зафарбек Камилов, Момуналы Ыбрайманкулов;
  • 54 кг Амантур Жумаев, Руслан Жусупов;
  • 57 кг Нурболот Султанов;
  • 60 кг Диербек Садиров, Алихан Майрамбеков;
  • 63,5 кг Ооматбек Беленбаев, Султанмурат Бөрүбаев;
  • 67 кг Рамазан Кадыров;
  • 75 кг Рамазан Рахманбердиев, Рамазан Исаев;
  • 80 кг Азиз Мухаммад Закиров;
  • 86 кг Азим Чойбеков;
  • 92 кг Тыныстан Алыбеков;
  • +92 кг Мырзакир Кошалиев.
  • Бейшен Сабатаров жана Улан Төлөнбай уулу машыктыруучулар.

Белгилей кетсек, окуу-машыгуу жыйыны “Ынтымак” олимпиадалык резервдеги балдар-өспүрүмдөр мектебинин 2024-жылга карата календардык планына ылайык өткөрүлүүдө.

Количество просмотров: 153