• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Кыргызстандын делегациясын ташый турган жаңы учак алынды

28 Жалган куран 2024 16:41 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын делегациясын ташый турган учак алынды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайыр Орунбеков билдирди. Ал бул тууралуу фейсбук баракчасына жазды.

«Сатып алган жаңы самолет “Манас” аэропортуна конду. Бул “Airbus 320” үлгүсүндөгү учак Кыргызстандын делегациясын ташыйт.
Мамлекетибиз буга чейин кыргыз армиясына, өзгөчө кырдаалдар тармагына, жол куруу, кен казуу, жүргүнчүлөрдү тейлөөгө жана ар кандай багыттагы атайын техникаларды сатып алган.
Учурда аймактарда аэропорттор курулуп жатат, алды кызмат көрсөтүүгө даяр. Өткөн жылы эки 80 орундуу жана 9 орундуу самолет сатып алынды. Алар өлкө аймагында жүргүнчүлөрдү арзан каттам менен камсыздайт. Ушул жылы дагы бир учак алынат», — деп жазган ал.

Теги:
Количество просмотров: 104