• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Кыргызстандын футбол боюнча курамасынын Түндүк Корея командасы менен беттеши тең чыгуу менен аяктады

6 Кулжа 20259:01 Бишкек Govori.TV

Сауд Аравиянын Эр-Рияд шаарында Кыргызстан менен Түндүк Корея курама командаларынын 2026-жылы өтө турган Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунун тогузунчу оюну аяктады. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол союзу социалдык тармактарда билдирди.

Командалар 2:2 эсебинде тең чыгышты.

Голду 57-мүнөттө Гүлжигит Алыкулов киргизди. Экинчи гол 95-мүнөттө Сон-Хе Кимдин автоголунун натыйжасында кореялыктардын дарбазасына кирди.

Эске сала кетсек, 15-октябрда Бишкекте өткөн Кыргызстан менен Түндүк Кореянын биринчи беттеши 1:0 эсебинде биздин команданын пайдасына аяктаган.

Сегиз турдан кийин Кыргыз курама командасы алты упай менен “А” тайпасында турнирдик таблицада бешинчи орунду ээледи.

Белгилей кетсек, 10-июнда биздин команда Бишкекте БАЭ курамасын кабыл алат.

Количество просмотров: 236