• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Кыргызстандын өкүлдөрү Кабулда жолугушуу өткөрдү

23 Аяк оона 202119:36 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков Афганистандын борбору Кабул шаарына барды. Ал жактан Афганистан Ислам Эмиратынын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Амир Хан Муттаки (Amir Khan Muttaqi) менен жолугушту. Бул маалыматты Афганистан Ислам Эмиратынын өкмөтүнүн катчысы Забихулла Мужахид социалдык түйүндөгү баракчасы аркылуу жарыялаган.

Жолугушууга Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев да катышкан.

Маалымат үчүн: «Талибан» кыймылы террористтик уюм деп табылган жана анын ишмердүүлүгүнө Кыргызстанда тыюу салынган.

Количество просмотров: 44