• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Кыргызстандын Канададагы элчиси болуп Болот Отунбаев дайындалды

11 Тогуздун айы 2019 17:22 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Америка Кошмо Штаттарындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Болот Отунбаев Вашингтон шаарындагы резиденциясы менен ишти айкалыштыруу боюнча Кыргызстандын Канададагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Тиешелүү Жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Кошумчалай кетсек, Болот Отунбаев ушул жылдын 15-январында Кыргызстандын АКШдагы элчиси болуп дайындалган. Бир эле учурда ал Кыргызстандын Бразилиядагы, Канададагы жана Мексикадагы элчиси кызматын аркалайт.

Количество просмотров: 87