2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617 млн долларга жетти.
Финансы министрлигинин маалыматы боюнча, анын ичинен тышкы карыз 4 млрд 526, 34 млн доллар, ички карыз 2 млрд 54,66 млн доллар. Тышкы карыз былтыркы жылдын аягындагы көрсөткүчтөн 90,3 млн долларга азайган, ал эми ички карыз тескерисинче 426,86 млн долларга көбөйгөн.
Ал эми жалпысынан 2024-жылы мамлекеттик карыздын көлөмү 336,5 млн долларга көбөйгөн.