• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Кыргызстандын Казакстандагы элчиси болуп Жээнбек Кулубаев дайындалды

10 Тогуздун айы 2018 12:42 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 10.10.2018.Govori.TV.
Жээнбек Кулубаев Кыргызстандын Казакстандагы элчиси болду. Тиешелүү жарлыкка президенти Сооронбай Жээнбеков кол койду.
Жарлыкка ылайык Кулубаев Жээнбек Молдоканович Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды.
Эскерте кетсек, 2011 жылдын апрелинен тарта 2016 жылга чейин Эсенгул Омуралиев Кыргызстандын Казакстандагы элчиси болуп иштеген. Ал кеткенден кийин бул кызмат орун бош турган. Анткени Казахстанга элчи болуп иштегенге агреманды Казакстан тарап оңой менен бере бербеши белгилүү.
Количество просмотров: 36