• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Кыргызстан  Казакстан жана Кытай өлкөлөрү менен чек ара маселесин толук чечти

10 Тогуздун айы 201811:55 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 10.10.2018. Govori.TV
Өкмөттүн чек араны делимитациялоо маселеси боюнча атайын өкүлү Курбанбай Искандаров учурда Казакстан менен бардык чек ара тилкеси толугу менен такталганын парламенттин жыйынында айтты.
Ал сөзүндө чек араны тактоо делимитация иштери учурунда караларын айтып, ал иш 1999-жылы башталып, 2001-жылы бүткөнүн белгиледи. Ошондой эле «Документ 2008-жылы ратификацияланган. Азыр эч кандай маселе калган жок», — деп кошумчалады.
Өкмөттүн чек араны делимитациялоо маселеси боюнча атайын өкүлү Курбанбай Искандаров депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, учурда Казакстандан тышкары Кытай мамлекети менен да чек ара маселеси толугу менен чечилгенин айтты. Андан тышкары, Өзбекстан жана Тажикстан менен кандай иштер жүргүзүлүп жатканы боюнча түшүндүрмө берди.
Количество просмотров: 63