Бишкек.16.01.2019.Govori.TV.
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Бактыгулова Канайым Джумадиловна Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды.
Эске салсак, Канайым Бактыгулова 2013-2017-жылдары Кыргызстандын Кытай менен Монголиядагы элчиси болуп иштеген.