• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Кыргызстандык спортчу жеңил атлетика боюнча өткөн эл аралык мелдеште жеңүүчү деп табылды

6 Жалган куран 20199:06 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 06.03.2019. Govori.TV

Кыргызстандык спортчу Ева Кадырова жеңил атлетика боюнча өткөн эл аралык мелдеште жеңүүчү деп табылды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мелдеш 1-3-март күндөрү Белоруссиянын Минск шаарында өттү. Ага Белоруссия, Латвия, Израиль жана Кыргызстандык 600дөн ашык спортчу катышты.

Мекендешибиз Ева Кадырова 60 метр аралыкты 7, 65 секундда чуркап өтүп, 18 спортчунун арасынан 1-орунду алды. 

Количество просмотров: 18