Бишкек 02.09.18 Govori. TV
Кыргызстандын спортчулары чоң сахнадан өтүп жатышат. Аларды Олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиев баштап чыкты. КРнын Президенти Сооронбай Жээнбеков спортчуларга дем күч берип колдоп коштоп турду. Быйыл Азиада-2018 оюндарында кыргыз спортчулары капчыктуу кайтышкан. Көчмөндөр оюндарында дагы алар намысты кое бербей жеңиш алып келет деген ишеним күчүндө.