• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кыргызстандын суусу кимге жакпай калды?

22 Баш оона 202411:52 Бишкек Govori.TV


Быйылкы жылдын январь айынан июнь айына чейинки аралыкта минералдык сууну Кыргызстандан экспорттоонун көлөмү азайган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети маалымат таратты.

Белгилей кетсек, алты ай аралыгында Кыргызстандан 883019 литр суу экспорттолгон. Ал эми өткөн жылы чет өлкөлөргө 1 млн 478,1 миң литр минералдык суу сатылган.

Быйылкы жылы эң көп минералдык суу Казакстанга экспорттолуп, 799,3 миң литр суу сатылган. Орусия, Түштүк Корея, Катар, Ирландия, Кыргызстандан минералдык суу сатып алууну негедир токтотту.

Количество просмотров: 665