• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Кыргызстандын төө буурчагы биринчи орунда турат

24 Аяк оона 2018 9:16 Бишкек Govori.TV
Бишкек.24.09.2018.Govori.TV.
Кыргызстан Борбордук Азиядагы өлкөлөрдүн арасынан төө буурчак өндүрүү боюнча биринчи орунда турат. Бул тууралуу “Ата Мекен” фракциясынын Талас облусундагы көчмө отурумунда маалым болду.
Отурумда агрардык өнөр жайды жана аймактардагы айыл чарбаны кредиттөөнү эффективдүү өнүктүрүү маселелери талкууланган.
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев экспорттоо максатында төө буурчакты сертификациялоо боюнча иштер жасалганын маалымдады.
Талас облусу айыл чарба өндүрүшүн жана сүт азыктарын кайра иштетүүдө жакшы тажрыйбага ээ. 90-жылдары Талас облусуна Түркиядан төө буурчактын “лопатка”, “китаянка” сорттору алынып келинген. Бүгүнкү күндө төө буурчакты себүү аянты 57 миң 138 гектарды, түшүмдү жыйноо 98 миң тоннаны түзгөнү белгилүү болду.
Количество просмотров: 28