• Ишенби 11 Бугу 2024
  • Суббота 11 Май 2024

Кыргызстандын түштүгүндө күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

11 Теке 2021 9:38 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын түштүк аймагында 10-июлда саат 22:05де очогундагы күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалымдайт.

Маалымат боюнча, жер титирөөнүн очогу Кара-Кыр айылынан түндүк-батышка 15 чакырымда, Чогон айылынан түндүк-чыгышка 12 чакырымда, Ноокат айылынан түштүк-чыгышка 24 чакырымда, Ош шаарынан түштүк-чыгышка 48 чакырымда болгон. Жер титирөөнүн күчү Чогон айылында 4 баллга, Кара-Кыр, Кичик-Алай, Ак-Жылга, Кожо-Келен, Кызыл-Туу, Калдай, Буудайык, Шамшалы, Сегет, Кара-Таш, Кыргыз-Ата, Ноокат, Ак-Булак, Шанкол, Куу-Майдан, Алчалы, Лаглан, Жаңы-Ноокат, Кетерме, Федорова, Чапаев, Кырк-Кел, Папан, Берю, Ятан, Коммунизм айылдарында 3 баллга сезилди.

Количество просмотров: 42