• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Кыргызстандын түштүгүндө жер титирөө катталды

20 Бирдин айы 2024 9:35 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын түштүгүндө жер титирөө катталды. Маалыматка ылайык, жер титирөө 15:59да Кыргызстандын аймагында Бор-Дөбө айылынан түштүк-батышка карай 8 км аралыкта катталып, анын күчү 3 баллга жеткен.

Ошондой эле 10:28де кыргыз-тажик чек арасына жакын жерде 4 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Сейсмологдордун маалыматына караганда, жер титирөөнүн очогу Тажикстандын аймагында болгон. Ал эми Кыргызстандын калктуу кошунтары — Кара-Тейит Карамык айылдарынан түштүк-батышка карай 34-35 чакырым аралыкта болгон. Аталган айылдарда жер титирөө 2,5 баллга чейин сезилген.

Количество просмотров: 857