31-мартта саат 06.25те Тажикстандын аймагында очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жердин силкинүүсү Кыргызстандын аймагында да сезилген.
«Жер титирөөнүн очогу Коргон айылынан 82 чакырым түштүк-батышта Баткен шаарынан 124 чакырым түштүк-батышта жайгашкан. Коргон айылында жердин силкинүүсү 3 баллга чейин сезилген»,-деп жазылат маалыматта.
Ошол эле күнү кечинде саат 18.20да Кытайда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөөнүн очогу Бедел айылынан 45 чакырым түштүк-чыгыш тарапта, Кажы-Сай айылынан 160 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан.