Бишкек.16.01.2019.Govori.TV.
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Кемелова Динара Амантуровна Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды.
Эске салсак, Динара Кемелова буга чейин Тышкы иштер министринин биринчи орун басары болуп эмгектенип келген.