• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүшү мүмкүн

21 Бирдин айы 2024 9:25 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунун 55-115-чакырымдарында, Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 292-305-чакырымдарында (Долон ашуусу), 353-357-чакырымдарында (Кызыл-Бел ашуусу), Казарман — Ак-Тал — Чат унаа жолунун 42-44, 60-94-чакырымдарында (Кара-Гоо ашуусу, Ийри-Суу тилкеси), Каракол — Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу), Барскоон — Ак-Шыйрак унаа жолунун 52-68-чакырымдарында (Сөөк ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.

Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Теги:
Количество просмотров: 62