Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы 2026-жылы өтө турган дүйнөлүк чемпионаттын тандап алуу оюндарында, 3-айлампанын жыйынтыгы менен акыркы 6-орунда келе жатат.
Кыргызстандык футболчулар кечээ Катарга 1:3 эсебине жеңилди, жалгыз голду Алимардон Шүкүров киргизди.
Ушуну менен Максим Лисицын жетектеген команда үчүнчү ирет жеңилди.
15-октябрда Кыргызстан курама командасы Бишкекте Түндүк Кореяны кабыл алат.
1-2-орунду алган командалар дүйнөлүк чемпионатка чыгуу мүмкүнчүлүгүн алат. 3-4-орунду алган командалар дүйнөлүк чемпионатка жолдомо үчүн күрөштү улантат.
5-6-орундарды ээлеген командалар мелдештен четтетилет.