• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кыргыз курамасы III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында медалдардын саны боюнча алдыга озуп чыкты

5 Аяк оона 201811:29 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 05.09.2018. Govori.TV.
Кыргызстандын улуттук курама командасы Көчмөндөр оюндарынын 3-күнүнүн жыйынтыгы боюнча биринчи орунга чыкты.
Өлкө куржунунда жалпы 43 медаль болсо, анын 15и алтын. Экинчи орунга Орусия командасы 24 медалы (11 алтын, 5 күмүш, 8 коло) менен чыкты.
Ал эми буга чейин лидерликте келе жаткан Казакстан үчүнчү орунга жайгашып калды.
Учурда Казакстанда 32 медаль бар, анын тогузу алтын. Ал эми Түркмөнстан 18 медаль менен үчүнчү орунда келе жатат.
Теги:
Количество просмотров: 43