Бишкек.01.05.2019.Govori.TV.
Кыргызстандын ветеринардык тутуму Евразия экономикалык биримдигинин ченемдерине эквиваленттүү деп таанылды. Бул тууралуу вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Армения Республикасынын Ереван шаарында өткөн Евразия экономикалык биримдигинин Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарына интервью берип жатып айтты.
«ЕАЭБге кирген учурдан тартып бул көйгөйлүү маселе болуп келген. Мындан улам атамекендик өндүрүүчүлөр өз өндүрүмдөрүн ЕАЭБ өлкөлөрүнүн аймагында толук кандуу сата алышкан эмес. Бул чечимге кол коюлгандан баштап жергиликтүү өндүрүүчүлөр өз продукцияларын интеграциялык биримдиктин аймагында тоскоолдуксуз сата алышат», – деп белгиледи Разаков.
Белгилүү болгондой өлкө ЕАЭБге кирген учурдан тартып ветеринардык тутумду уюм тарабынан белгиленген ченемдерге дал келтирүү боюнча чоң иштер жасалып, бардык лабораториялар заманбап жабдуулар менен жабдылган.
Айта кетсек, бул аралыкта үч жолу комиссиянын жыйыны өткөрүлүп, ал ветеринардык тутумду баалаган. Натыйжада комиссия тутумду эквиваленттүү деп тааныды. Эми кыргыз өндүрүүчүлөрү көңүлү тынч иштеп жана өз өндүрүмдөрүн коңшу өлкөлөргө экспорттоого шарт түзгөн эң башкы чечим болду.