• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Кыргызстандын волейбол боюнча кыз-келиндер курамасы CAVA кубогун жеңип алды

12 Аяк оона 202410:25 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын кыз-келиндер курама командасы Маледе (Мальдив аралдары) өткөн Борбордук Азия волейбол конфедерациясынын (CAVA) Чакырык Кубогун жеңип алды.

Финалда кыргызстандык кыз-келиндер Мальдив аралдарынын волейболчуларын 3:2 эсебинде утуп алышты.

Буга чейин Кыргызстандын командасы Тажикстан (3:0), Ооганстан (3:0) жана Мальдив аралдарынын (3:0) атаандаштарын утуп, тогуз упай менен тайпалык турнирде биринчи орунду ээлеген.

Эске сала кетсек, июль айында Кыргыз Республикасынын кыз-келиндер курама командасы (U 20) Борбордук Азия волейбол ассоциациясынын чемпиондугун жеңип алган.

Количество просмотров: 141