Кыргызстандын волейбол боюнча жаштар курама командасы эл аралык чемпионатта биринчи орунду ээледи.

Волейбол боюнча кыздар арасында жаштар курама командасы (U-20) Мале шаарында өтүп жаткан CAVA чемпионатына катышып, биринчи айлампада Мальдив Республикасынын улуттук курамын 3:0 эсебинде утса, экинчи айлампада Непал өлкөсүн 3:0 эсебинде жеңген. Ал эми үчүнчү айлампада Шри-Ланканын курама командасына 3:2 эсебинде утуп, жеңишке жетишкен.

Финалдык беттеште непалдыктарды 3:0 эсебинде жеңип, чечүүчү беттеште шри-ланкалыктарды дагы 3:0 эсебинде утуп, мелдештин чемпиону болушту.

