Бүгүн, 29-апрель, 2025-жылы А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын сахнасында Ачык Бишкек Дельфы оюндарынын жабылыш аземи болуп өттү.

Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Бекжан Үсөналиев жана Кыргыз Республикасынын Дельфы комитетинин төрагасы Анарбек Ибраев сөз сүйлөштү.
Өлкөнүн ар кайсы бурчунан жана жакынкы чет өлкөлөрдөн келген таланттуу балдарды жана жаштарды бириктирген фестивал болду. Оюндар чыгармачыл менен алмашуу, маданий диалог жана искусство жаатындагы жаңы жылдыздарды аныктоо үчүн чыныгы аянтча болуп калды. Оюнга 600 ашык балдар катышты.
Мыктылары алтын медаль тагынышты.

Иш-чара лауреаттардын майрамдык концерти менен аяктап, калыстар тобунун жана көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгүнө ээ болгон мыкты чыгармачыл номерлер көрсөтүлдү.

Уюштуруучулар бардык катышуучуларга, насаатчыларга жана көрүүчүлөргө ыраазычылык билдирип, жаш таланттарды жана өлкөнүн маданий потенциалын өнүктүрүүнү колдоонун маанилүүлүгүн баса белгилешти.