• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Кыргызстандын жогорку окуу жайларында билим алуу дүйнөлүк стандарттан 3 эсе арзан

27 Жалган куран 2023 11:00 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын жогорку окуу жайларында билим алуунун баасы дүйнөлүк стандартка салыштырмалуу 3 эсе арзан. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев билдирди.

Анын айтымында заманбап университтерде сапаттуу ар бир студентке 3миң АКШ доллар талап кылынат.

Бул көрсөткүч ОшМУда 1066 АКШ долларды ал эми Улуттук университетте 334 АКШ долларын түзөт.

Иманалиев белгилегендей, сапаттуу билим берүү үчүн ушундай ыкмага өтүү керек.

Учурда бул стандартка ылайык келген бир гана Салымбековдун окуу жайы бар.

Белгилей кетсек, Билим берүү жана илим министрлиги жогорку окуу жайдын өнүгүү моделин аныктоо максатында жогорку билим берүү секторундагы кызыкдар тараптар менен консультацияларды өткөрүүдө.

Университеттин моделин талкуулоо үчүн мамлекеттик түзүмдөрдүн, жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын, Жогорку Кеңештин депутаттары, эл аралык уюмдар, көз карандысыз эксперттер, илимий-изилдөө, аналитикалык уюмдар; аккредитациялоочу агенттиктердин өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын максаты:

— жогорку кесиптик билим берүүнү реформалоодогу көйгөйлөрдү талкуулоо жана артыкчылыктуу багыттарды аныктоо;

— бардык кызыкдар тараптардын ортосунда пикир алмашуу жана жогорку кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү үчүн реформаларды колдоого алуу; — университеттин заманбап чакырыктарга жооп берген моделин талкуулоо;

— жогорку кесиптик билим берүүнүн сапатын жогорулатуу үчүн инновациялык билим менен алмашуу, инновацияларды киргизүүнү кеңейтүү үчүн сунуштарды иштеп чыгуу.

Консультациялардын жана талкуулардын жыйынтыктары республикадагы жогорку билим берүү системасындагы реформаларды пландоого, ошондой эле ЖОЖдорду стратегиялык багыттоону пландаштыруу үчүн негиз болуп берет.

Ошондой эле талкуулардын жыйынтыктары Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2023-2030- жылдарга карата планында чагылдырылат. Үч тематикалык багыт боюнча талкууларды өткөрүү мерчемделүүдө:

1. ЖОЖдогу инновациялар жана санариптештирүү

2. ЖОЖдо изилдөө иштерин жана илимди өнүктүрүү

3. Экономиканы жана коомду өнүктүрүүдө жогорку билим берүүнүн ролу жана орду.

Количество просмотров: 602