• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Кыргызстанга 50 баш бодо малды мыйзамсыз алып өтүү аракетине бөгөт коюлду

9 Үчтүн айы 2024 12:35 Бишкек Govori.TV

Казакстандан Кыргызстанга 50 баш бодо малды мыйзамсыз алып өтүү аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан Талас облусунун аймагындагы контрабанданы аныктоо жана бөгөт коюу боюнча ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө коңшу мамлекеттен Кыргызстандын аймагына бодо малды мыйзамсыз алып келүү фактысы аныкталды.

2024-жылдын 5-январында Талас районундагы Көпүрө-Базар чек ара айылынын «Чон-Кыя» аймагында УКМК жана Чек ара кызматынын кызматкерлери Т.Р.Э. аттуу Кыргызстандын жаранынын контрабандалык жол менен 50 баш ири мүйүздүү малды Казакстандан Кыргызстанга алып өтүү ишин токтотушту.

Учурда бул факты боюнча жагдайларды жана адамдардын чөйрөсүн аныктоого багытталган тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды, анын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.

Теги:
Количество просмотров: 70