• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жумгалда бодо малдар оорудан улам өлүп жатат

20 Жетинин айы 2019 11:17 Бишкек Govori.TV

Жумгал районунун Байзак айылында бодо малдар өлүп жатат. Бул маалыматты райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын башчысы Эрмек Сапарбек уулу тастыктады.

Маалым болгондой, 14-ноябрда райондун Байзак айылынын Орто-Кууганды аймагында жашаган Эркинбектин уюнан кутурма оорусу боюнча шектүү белгилер байкалган. Ал изоляцияга алынып, кароо жүргүзүлүп турган. Ошондой эле ветеринардык адистерге тапшырма берилип, аймакта текшерүү болгон.

15-ноябрь күнү ошол эле аймактагы тургундар Алмазбек, Кубан, Майрамбекке таандык уйлар шек жаратып, алар да камакка алынган. 16-ноябрь күнү Байзак айылынын Кайкалак участкасында айыл тургуну Касымга таандык уйдан шектүү белгилер байкалып, изоляцияга алынган. 17-ноябрда айыл тургуну Кубан, Майрамбектин уйлары кутурма ылаңынын белгилери менен өлүмгө учураган. Ал эми Эркинбектин ую ветеринардык эрежеге ылайык өлтүрүлүп, башы кесилип алынып, Бишкек шаарында жайгашкан борбордук ветеринардык лабораторияга изилдөөгө жөнөтүлдү. Кутурма оорусуна шектелген уйлар ветеринардык эрежеге ылайык өлтүрүлүп жок кылынган.

«Азыркы учурда ветеринардык адистер тарабынан эл арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, башка айылдардагы бардык мал-жандыктар, ит, мышыктар текшерүүгө алынып, оорунун себептери аныкталууда. Ошондой эле вакциналар жеткирилип, шектүү аймактардагы мал-жандыктарга эмдөө иштери жүргүзүлүүдө. Байзак айылында эле эмес, райондун бардык айыл аймактарында багуу эрежеси сакталбаган ит, мышыктарды жана карышкыр, түлкүлөрдү аттыруу иштерин жүргүзүү зарыл. Байзак айылында карантин жарыяланып, мал-жандыктар көзөмөлдө турат. Изилдөөнүн жыйынтыгы чыгып келгичекти ылаңды так атоо азыр эрте», — деди Э.Сапарбек уулу.

Ал эми кээ бир айыл тургундары уйлар кан сийип өлүп жатканын айтышты. Эрмек Сапарбек уулу бул боюнча маалымат түшпөгөнүн айтат.

«Уйлар кан сийип өлгөн эмес. Бизге андай маалымат түшкөн жок. Болгону шилекейи агып, чөп жебей, мөөрөп жатканда биз ылаңдын болжолдуу белгилерин аныктадык», — деди ал.


Булак: turmush.kg

Количество просмотров: 657