• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Кыргыз-казак чек арасында 180 бодо малды чыгарып жаткандар кармалды

1 Тогуздун айы 2019 11:42 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында жайгашкан «Ак-Тилек автожолу» контролдук-өткөрмө пунктуна жакын жердеги транспорттук контролдоо жана товарларды эсепке алуунун убактылуу пунктунан ири мүйүздүү малдарды мыйзамсыз алып келе жаткандарга бөгөт койду. Бул тууралуу МСКнын басма-сөз кызматы билдирет.

Атап айтканда, 180 баш ири мүйүздүү малды ташыган унаалар кармалган. Импорттоочулардын салыктык каттоо жөнүндөгү салык органынын маалымкаты жана башка документтери болгон эмес.

Бузуу фактылары боюнча материалдар мыйзамга ылайык андан аркы иш-чараларды көрүү үчүн мобилдик топко (ЭККМК) берилди.

Количество просмотров: 303