• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Кыргызстанга Азербайжандын премьер-министри келди

25 Баш оона 202213:59 Бишкек Govori.TV

Азербайжан Республикасынын премьер-министри Али Асадов Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Кыргыз Республикасына келди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

«Ысык-Көл» эл аралык аэропортунан ардактуу мейманды Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тосуп алды.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын 25-26-августунда Чолпон-Ата шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт, анда интеграциялык биримдик алкагындагы бир катар актуалдуу маселелер каралат.

Количество просмотров: 58