• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Кыргызстанга бир жылда 7 миллион чет өлкөлүк жаран кирди

26 Үчтүн айы 201915:59 Бишкек Govori.TV

Бишкек.26.01.2019.Govori.TV.

2018-жылдын 12 айында Кыргызстандын аймагына 7 миллион 257 миң чет өлкөлүк кирип, 6 миллион 931 миң адам кайра чыгып кетти.

Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Болотбек Ибраимжанов 25-январда өкмөттүн жыйынында билдирди.

Анын айтымында, булардын ичинде туристтер, мигранттар, инвесторлор, башпаанек сурагандар жана башкалар бар.

Эң көп киргендер казакстандыктар (47%), өзбекстандыктар (35%). Орусия (9%) менен Кытайдан киргендер (1%) түзүшөт. Калгандары алыскы жана жана жакынкы өлкөлөрдөн Кыргызстанга келгендер.

Ибраимжанов билдиргендей, 2017-жылы Кыргызстанга 4 миллион 666 миң адам кирген.

Буга чейин өкмөт атайын маалымат таратып, былтыр 10 айдын ичинде Кытайдан 35миң жаран гана киргенин билдирген. Соңку статистика боюнча 2018-жылдын 12 айында бул сан 77 миң 332 адамды түзгөнү маалым болду. 

Булак: Азаттык

Количество просмотров: 12