• Дүйшөмбү 20 Бугу 2024
  • Понедельник 20 Май 2024

Кыргызстанга Ислам өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү келет

20 Теке 2023 9:50 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Жидда шаарында Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) президенти Мухаммед бин Сулейман Аль-Жассер менен жолугушту.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, анда эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери, Кыргызстанда Ислам өнүктүрүү банкы менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү, кызматташтыкты мындан ары да кеңейтүү боюнча сөз болду.

Садыр Жапаров кыргыз тарап ИӨБ менен кызматташууга артыкчылык берерин белгилеп, 2023-2027-жылдарга карата Кызматташуу стратегиясын иштеп чыгуу жана тез арада кол коюу зарылдыгын айтты.

Ошондой эле 2022-жылы Чолпон-Ата шаарында өткөн иш-чарада жетишилген турак жай куруу, энергетика, саламаттыкты сактоо, билим берүү жана айыл чарба тармактарында инвестициялык долбоорлорду кароону тездетүү маселесин козгоду. Анын ичинде “Менин үйүм 2021-2026” турак жай программасы жана «Корумдудан Балбай баатырга чейин 104-184,5 чакырымдык Ысык-Көл айланма жолун реконструкциялоо» долбоорлорун каржылоого өзгөчө көңүл бурулду.

Ислам өнүктүрүү банкынын президенти Мухаммед бин Сулейман Аль-Жассер эки тараптуу мамилелерди чыңдоого даярдыгын баса белгиледи. Аталган долбоорлордун алдыга жылышы жеке көзөмөлүндө болорун айтты. Анын маалыматы боюнча, быйыл 24-28-июль күндөрү Кыргызстанга ИӨБ эксперттик миссиясы жиберилет, алар кыргыз тарап менен жогоруда белгиленген долбоорлорду ишке ашыруу маселесин талкуулайт.

Количество просмотров: 63