Кыргызстанга эртең Польшадан, 20-апрелде Кытайдан адистер келет. Бул тууралуу бүгүн, 18-апрелде республикалык ыкчам штабдын жыйынында белгилүү болду.
«Чет элдик адистер ата мекендик медицина кызматкерлерине коронавирус инфекциясы менен күрөшүүгө жардам көрсөтүшөт. Польша жана Кытайдан келген дарыгерлери кыргызстандык кесиптештери менен бул багытта маалымат жана тажрыйба алмашышат», — деп билдирет штаб.