• Шейшемби 14 Бугу 2024
  • Вторник 14 Май 2024

Кыргызстанга Кытайдан медициналык кызматкерлердин тобу келди

20 Чын куран 2020 12:14 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Кытайдан Кыргызстанга медициналык кызматкерлердин тобу келди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Маалыматка ылайык, Кытай медиктери атамекендик адистерге коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдө көмөк көрсөтүп, топтолгон тажрыйбасы менен бөлүшөт. Мындан тышкары, алар дарыгерлерге оорулууларды дарылоодогу мыкты ыкмаларын үйрөтүшөт.

Белгилесек, биздин өлкөгө Кытайдан медициналык эксперттерди жөнөтүү тууралуу макулдашууга 2020-жылдын 14-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин менен телефондук сүйлөшүүсүнүн жүрүшүндө жетишилген.

Эске салсак, буга чейин Кыргызстанга Польшадан 8 медицина кызматкери келген.

Количество просмотров: 474