• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Кыргызстанга  медицина үчүн 40 тонналык жардам келди

15 Тогуздун айы 2018 17:57 Бишкек Govori.TV
Бишкек.15.10.2018.Govori.TV.
«Сорос Кыргызстан» фондунун жардамы менен Кыргызстандагы паллиативдик оорулууларга жардам бериш үчүн АКШдан 40 тонналык медициналык жардам келди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма-сөз кызматынын өкүлү Жылдыз Айгерчинова билдирди.
Маалыматка ылайык, бул жардам Оштогу балдар ооруканасына, Улуттук онкология жана гематология борборуна, Ош аймактык ооруканасына жана Токмоктогу аймактык ооруканага бөлүнөт.
Жүктө балдар жана чоңдор үчүн атайын керебеттер, жасалма дем алдыруучу жабдуулар, аба берүүчү концентраттар, ооруну басаңдатуучу системалар, теринин эзилишинин алдын алган каражаттар, тамактандыруучу зонддор, лабораториялык, дартты аныктоочу жабдуулар жана атайын эмеректер бар.
Кыргызстанда паллиативдик жардам төмөнкү деңгээлде. Бул багытта «Сорос Кыргызстан» фондунун көмөгү менен бир нече долбоор ишке ашууда.
Жакын арада аймактардагы ооруканаларда паллиативдик палаталарды ачуу да пландалууда.

 

Количество просмотров: 26