«Ак-Тилек» көзөмөл өткөрүү жайында Казакстандан Кыргызстанга мыйзамсыз жол менен алынып келе жаткан 20 тонна уйдун майы артка кайтарылды.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, «Ак-Тилек» чек ара ветеринардык көзөмөлдөө пунктунун инспекторлору тарабынан ветеринардык көзөмөл жүргүзүүдө ЕАЭБдин ветеринардык-санитардык талаптарын бузгандыгы аныкталган.
«Ак-Тилек» чек ара ветеринардык көзөмөлдөө пунктунун инспекторлору текшерүү учурунда уйдун майынан ЕАЭБдин ветеринардык-санитардык талаптары сакталган эмес.
«Ак-Тилек» чек ара ветеринардык көзөмөлдөө пунктунун инспекторлору тарабынан тиешелүү артка кайтаруу актысы түзүлүп, жүк Казакстанга «Ак-Тилек» көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу артка кайтарылды.