• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Кыргызстанга мыйзамсыз ташылып келе жаткан эт азыктары артка кайтарылды

21 Бугу 202515:05 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанга мыйзамсыз ташылып келе жаткан жүк артка кайтарылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Ош облусундагы «Достук» чек ара ветеринардык постунун инспекторлору Өзбекстандан мыйзамсыз ташылып келе жаткан жүккө текшерүү жүргүзүп, жыйынтыгында 13 400 кг бодо малдын ич эти табылган. Жүк ЕАЭБдин ветеринардык-санитардык талаптарына жооп бербегенин жана мыйзамсыз экени аныкталган. 

Натыйжада «Достук» чек ара ветеринардык көзөмөл өткөрүү жайынын инспекторлору тарабынан тиешелүү акт түзүлүп, жүк Өзбекстанга кайра артка кайтарылды.

Количество просмотров: 254