• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Кыргызстанга Россиянын экс-биринчи айымы Наина Ельцина келди

18 Аяк оона 2018 14:53 Бишкек Govori.TV

Бишкек.18.09.2018.Govori.TV. 

18-сентябрда Кыргыз-Россия Славян университетинин 25 жылдык юбилейине карата Кыргызстанга Россия Федерациясынын экс-биринчи айымы, Б. Н. Ельцин атындагы Президенттик борбордун камкорчулар кеңешинин мүчөсү Наина Ельцина келди. Бул тууралуу президенттин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Президент Сооронбай Жээнбеков Наина Ельцина менен жолукту.

Мамлекет башчысы Кыргызстанга жасаган визити үчүн жана Россия Федерациясынын биринчи Президенти Борис Николаевич Ельциндин ысымын алып жүргөн Кыргыз-Россия Славян университетинин 25 жылдык юбилейине катышып жаткандыгына байланыштуу ыраазычылык билдирди.

«Славян университети кыргыз-россия мамилесинин эң ийгиликтүү долбоорунун бири. Ушул жылдардын аралыгында КРСУ өзүнө жүктөлгөн жооптуу милдетти татыктуу аткарып, билим берүү жана илимий бирдиктүү мейкиндикти сактап, жаңы билим жана технологияларды алдыга жылдырууда. Сиздин колуңуздан бүгүн стипендия алчу студенттерге бул билим алууга кошумча дем берет», — деп баса белгиледи Президент.

Сооронбай Жээнбеков Наина Иосифовнаны Чыңгыз айтматовдун 90 жылдыгына арналган интеллектуалдардын Эл аралык Ысык-Көл форумуна катышууга чакырды.

Наина Ельцина жылуу кабыл алгандыгы жана чакыруусу үчүн ыраазычылык билдирди. КРСУ эки тараптуу кызматташуунун эң ийгиликтүү долбоору катары эки өлкөнүн элдеринин жакшы салттарын улайт деген ишенимин билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков Наина Ельцинага Чыңгыз Айтматовдун чыгармалырынын жыйнагын тартуу кылды.

Количество просмотров: 124