• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Кыргызстанга «Спутник V» вакцинасынын экинчи партиясы келди

10 Бугу 202117:36 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанга «Спутник V» вакцинасынын экинчи партиясы алып келинди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өлкөгө 20 миң доза жеткирилген. Препарат биринчи дозаны алгандар үчүн сайылат.

Эске салсак, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев буга чейин 20 миң доза 10 миң адамга жете турганын билдирген. «Спутник V» чектелүү гана көлөмдө келип жаткандыктан жаш курагы 65тен өткөндөргө гана колдонулууда.

Количество просмотров: 86