Вирус өлкө ичинде көбөйүп, ал эми сырттан келген жарандарда катталган учурлар аз болуп жаткандыгына байланыштуу, алар үчүн алгоритм өзгөргөн. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жарандардан учуп келгенден кийин ПЦР анализ алынбайт жана обсервацияга жаткырылбайт.
«Аларга анкета толтурулуп, мобилдик тиркеме көчүрүлөт жана үйүнө жиберилет. Эгерде КДВО жана грипптин белгилери пайда болсо, жашаган жерине караган медициналык борбордун дарыгерлерине кайрылуу зарыл»,-деп айтылат маалыматта.