• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкекте үч маршрутканын багыты өзгөрдү

13 Теке 202211:47 Бишкек Govori.TV

 Бишкекте үч маршрутканын каттамы жарым-жартылай өзгөрдү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, маршруткалардын каттамы жол оңдоо иштерине байланыштуу убактылуу өзгөргөн.

№135 маршрутка оңдоо иштери аяктаганга чейин Ак-Марал, Ак-Таң, Күйүкова, Чортеков жана Жайыл баатыр көчөлөрү аркылуу өтүп турат.

№106 маршрутка жаңы конуштан кичи райондорду көздөй бара жатканда Жаманбаев көчөсү аркылуу Айтматов көчөсүнө чыгат. Ал эми кичи райондордон жаңы конуштарды көздөй каттаганда мурдагыдай Айни көчөсү менен өтөт.

№192 маршрутка буга чейин Дордой-2 жаңы конушуна чейин эле жүрсө, эми анын каттамы айланма жол, Ибраимов жана Эмгекчил көчөлөрүнө чейин узарды.

Количество просмотров: 420