“Ата-Журт Кыргызстан” жана “Мекенчил” депутаттык тобунун фрациялык жыйынында Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 5-6-ноябрда Кыргызстанга Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган келет деп билдирди.
“Биз чоң программаны даярдап жатабыз, анын ичинде кыргызстандыктарды Түркияда дарылоо үчүн квота да бар. Эки өлкөнүн министрлери документке кол коюшса, көптөгөн маселелер чечилет», — деп убада кылды ал.