• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Кыргызстанга Түркиянын вице-президенти Фуат Октай келди

10 Аяк оона 2021 9:10 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанга Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 10-кеңешмесине катышуу үчүн Түркия Республикасынын вице-президенти Фуат Октай келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

«Манас» эл аралык аэропортунда сыйлуу конокту КР министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов тосуп алды.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарында 2021-жылдын 10-сентябрында Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 10-кеңешмеси, ошондой эле кыргыз-түрк бизнес-форуму өтөт.

Сапар алкагында эки тараптуу жолугушуулар, бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу жана «Маариф» мектебинин ачылышы пландалууда.

Количество просмотров: 100