• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Кыргызстанга ташып келинген автоунаалардын бажы төлөмү көтөрүлөт

9 Тогуздун айы 201913:10 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик бажы кызматы 2020-жылдын 1-январынан тарта Кыргызстанга ташып келинген автоунаалардын бажы төлөмү кескин өсөрүн билдирди.

Аталган ведомство 2019-жылдын 31-декабрында транспорт каражаттарына болгон бажы алымдарынын жеңилдиги аяктарын айтты. Бул төрт жыл мурда август айында жеке тараптар үчүн атайын токтом менен бекитилген.

«2020-жылдын 1-январынан тарта Кыргызстанда жеке адамдар үчүн транспорт каражаттарына киргизилген тарифтер күчүнө кирет. Бул Евразия экономикалык комиссиясынын 2017-жылдын 20-декабрындагы чечими менен бекитилген болчу», — деп айтылат маалыматта.

Бажы кызматынын берген маалыматына таянсак, эгерде 2009-жылы чыккан, кыймылдаткычынын көлөмү 2,5 миң куб болгон автоунаа мурда 1 250 доллардан кирип жүрсө, жаңы жылдан тарта 13 600 доллар болот.

С нового года растаможка автомобилей подорожает в 10 раз
Количество просмотров: 213