• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Кыргызстанга жана Кыргызстандан учкан эл аралык авиакаттамдарга убактылуу чектөө киргизилди

21 Жалган куран 2020 12:14 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанга жана Кыргызстандан учкан туруктуу эл аралык авиакаттамдарга убактылуу чектөө киргизилди. Мындай чара калктын саламаттыгын коргоону камсыздоо жана өлкө аймагында коронавистук инфекциянын андан ары жайылышын болтурбоо максатында кабыл алынды.


Чектөө аба транспорту аркылуу жүк ташууларга, Коронавирус инфекциясынын Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүсүнүн жана жайылышынын алдын алуу боюнча республикалык штабдын чечими боюнча чартердик каттамдарга, ошондой эле төмөндөгү жүргүнчү авиакаттамдарына жайылбайт:


— Москва-Бишкек-Москва (“Аэрофлот”) – жумасына 1 жолу;
— Ош-Москва-Ош (“Авиа Траффик Компани”) – жумасына 1 жолу;
— Новосибирск-Бишкек-Новосибирск (“Авиакомпания Сибирь”) – 1 жумасына 1 жолу.

Количество просмотров: 120