Бишкек.11.03.2019.Govori.TV.
“Кырк чоронун” мүчөлөрү нааразычылык акцияга чыкты. Алар феминисттерге марш өткөрүүгө уруксат берген Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовдун отставкасын талап кылууда.
Нааразылык акцияга чыккан “Кырк чоро” коомдук бирикмесинин жетекчиси Замирбек Көчөрбаев, жарандык активист Аманбол Бабакулов жана башкалар 8-мартта болуп өткөн акциянын катышуучуларынын көтөргөн жазууларын мыйзамдуулугу жана аларды текшерүү жүргөнүн же жүрбөгөнү тууралуу маалымат алуу максатында милиция кызматкерлерине бара жатканы маалым болду.
Алардын айтымында, мурдагы болгон мындай акцияларда котөргөн плакттарды текшерүү болуп келгенин айтышып ал эми азыркылар эмнеге текшерилбеш керектигин белгилешти.