“Кырк Чоро” коомдук бирикмеси Кыргыз Республикасынын жаңы администрациялык-аймактык түзүлүш картасын сунуштады. Кыймылдын лидери Замир Көчөрбаев сунуштаган реформанын алкагында, республиканы 15 аймакка бөлүү каралган.
«Азыркы мезгилде Кыргыз Республикасында төрт тепкичтүү башкаруу орун алып, 7 облус, облустук маанидеги Ош, Бишкек шаары, андан тышкары 24 шаар, 40 район, 443 айыл аймагы жана 31 шаарча бар. Биз үч тепкичтүү башкарууну сунуштайбыз. Айыл өкмөтү, Аймак, Республика. Бирин-бири кайталаган жергиликтүү башкаруу системасын жана айрым элинин саны, экономикалык-географиялык жайгашуусун эске алуу менен айыл аймактарын бириктирип, Бишкек, Ош шаарын кошкондо 15 аймак, 270 айыл өкмөттүн жана 13 шаарчаны сунуштайбыз. 2015-жылы Өкмөткө сунушталган», — деп жазган Замир Көчөрбаев.