• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

«Кырк чоро» бирикмесинин жетекчиси: Жүрүштөгү калпакчан балдардын бизге тиешеси жок

9 Жалган куран 2020 15:27 Бишкек Govori.TV

Жүрүшкө калпак кийип барган балдардын бизге тиешеси жок. Бул тууралуу «Кырк чоро» коомдук бирикменин жетекчиси Замирбек Көчөрбаев Govori.TVга билдирди.

«Биз 8-мартта «Аялдардын шериктештик маршы» соңуна чыгып калганда бардык. Анда милиция кызматкерлери акциянын катышуучуларын кармап, автобуска салып жатыптыр. Калпак кийген белгисиз адамдардардын бизге эч кандай тиешеси жок»,-деп билдирди Көчөрбаев.

Эске салсак, 8-мартта Бишкек шаарындагы “Жеңиш” аянтына аялдардын укугун коргоо максатында жүрүш өткөрүү үчүн бир нече адам чогулган. Аларга 20дан ашуун белгисиз жарандар тоскоол болуп, акцияны таратканга аракеттенген. Мындан кийин эки тарап тирешип, милиция акциянын катышуучуларын кармап кеткен.

Количество просмотров: 72