• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

«Кырк Чоро» уюмунун жигиттери феминистерди гүл менен куттуктады

8 Жалган куран 201913:21 Бишкек Govori.TV

Бишкек.08.03.2019.Govori.TV.

Бишкекте аялдардын тилектештик маршы өттү. Ага жүзгө чукул адам катышты.

Чогулгандар «Россия» кинотеатрынын жанынан баштап Курманжан Датканын айкелине чейин жөө барышты.

https://www.facebook.com/azattyk/videos/418811552222314/

Иш чарага катышкан активист Эдиль Байсалов, зордук-зомбулукка жол бербейбиз- деп социалдык баракчасына жазып чыкты.

«8-март майрамында кыргыз аялзатынын, карындаш, кыздарыбыз, апа-эжелерибиздин укугуна болушуп жөө жүрүшкө чыктык!»,-деди Байсалов.

https://www.facebook.com/580925128/posts/10156591688270129/

Митингчилердин арасында гейлердин желегин көтөргөн эркектерда жүргөнүн көрсө болот.

Буга чейин социалдык тармактарда маршты өткөрүүгө каршы болгондор чагымчыл аракеттерди көрүшү ыктымал экендиги айтылган.

Бирок, «Кырк Чоро» кыймылынын мүчөлөрү аянтка келип феминистерди гүл менен куттукдады.

https://www.facebook.com/421978984493995/posts/2832534566771746/

Количество просмотров: 19